Шаар жөнүндө
Кочкор-Ата шаары боюнча кыскача маалымат
Кочкор-Ата шаары Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда
жайгашкан. Кочкор-Ата шаары 1952-жылы негизделген жана 2003-жылы
1-июнда райондук башкаруудагы шаар статусун алган. Шаар чыгыштан
Э.Алиев айыл аймагы, түштүктөн Момбеков айыл аймагы менен чектешет.
Жалпы аянты 754,0 га дениз денгээлинен бийиктиги 600 м, райондун
борборунан алыстыгы 13 км, облусттун борборунан 56 км. Шаардын жалпы
саны 18642, кожолугу 3998.
Кочкор-Ата шаарында жалпысынан 28 орто жана чакан ишканалар
ишмердүүлүк жүргүзүшөт. 3 орто мектеп, 1 жатак-гимназия, 2 окуу жай, 1
кесиптик лицей, 4 муниципалдык бала бакча, 3 “Кыргызнефтегаз”ААКна
караштуу бала бакча, 6 жеке бала бакчалар жана коммерциялык банктар,
мекеме-ишканалар жайгашкан