«Алименттик милдеттенмелерди аткарбоонун укуктук кесепеттери жөнүндө эскертүү»
05.02.2026 11:30
14
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын Ноокен райондук бөлүмү тарабынан, Ноокен районунун аймагынын тургуну, карызкор Н. Н. С. материалдык жардамга муктаж балдарын багуу үчүн соттун чечиминини негизинде белгиленген каражаттарды (алиментти) төлөөдөн кыянаттык менен баш тартып төлөбөй жүргөндүктөн, ага карата Ноокен РИИБнин Тергөө кызматына Кыргыз Республикасынын Кылмыш–жаза кодексинин 178-бер. (Ата-эненин балдарды багуудан качуусу) менен кылмыш жоопкерчиликке тартуу жонундо сунуш берилген.
Ноокен РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 178-бер. 2-б. менен кылмыш иши козголуп, карызкор Н.Н.С. шектүү катары кармалып, ага карата Ноокен райондук сотунун 30.01.2026-жылдагы токтому менен камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган.
Урматтуу Кочкор-Ата шаарынын тургундары!
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, соттун чечими менен белгиленген алименттик төлөмдөрдү төлөөдөн кыянаттык менен баш тартуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертебиз.
Ноокен районунун аймагында алимент төлөбөй жүргөн жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулду.
Ушуга байланыштуу, балдарын багууга милдеттүү бардык ата-энелерди мыйзам талаптарын так аткарууга, балдардын мыйзамдуу укуктарын бузбоого жана алименттик милдеттенмелерди өз убагында төлөөгө чакырабыз.
Мыйзамды сактоо — ар бир жарандын ыйык милдети!