Мэриянын тарыхы
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жаңы аталышы жана Уставы бекитилди
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 5-июлундагы №01-5/170 токтомуна ылайык, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын кайрылуусу каралып, төмөнкү чечим кабыл алынды:
• «Кочкор-Ата шаардык мэриясы» мекемесинин аталышы өзгөртүлүп, мамлекеттик тилде – «Кочкор-Ата шаарынын мэриясы» мекемеси, расмий тилде – Учреждение «Мэрия города Кочкор-Ата» деп белгиленди.
• Мекеменин жаңы редакциядагы Уставы бекитилди.
• Мурун колдонулуп келген гербдүү мөөр жана штамп жокко чыгарылып, жаңылары менен алмаштырылат. Ошондой эле мэрияны кайрадан каттоодон өткөрүү боюнча иштер шаар мэриясынын аппарат жетекчисине жүктөлдү.
• Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Токтогул көчөсү №17.