Аксакалдар соту жөнүндө жобо
17.11.2025 15:57
5
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 19-февралы № 52
Аксакалдар сотторужөнүндө
- глава. Жалпы жоболор 1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү аксакалдар сотторун уюштуруунун жана ишинин тартибин, ошондой эле алардын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамилелерин жөнгө салат.
- берене. Ушул Мыйзамдапайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
- мыйзамдуу өкүлдөр - аксакалдар сотунун жыйналышына катышуучу баланын ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү (арыз ээси, жоопкер, күбө), балдарды коргоо боюнча мекемелердин же уюмдардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;
- арыз ээси - чыр-чатакты чечүү же өз ишин кароо жөнүндө аксакалдар сотуна арыз берген адам;
- таасир этүү чарасы - аксакалдар сотунун жыйналышында каралып жаткан адамга карата аксакалдар соту чыгарган чечим;
- үрп-адаттар - адамдардын турмуштук керектөөлөрү менен шартталган, муундан муунга өтүп келе жаткан, алардын жүрүм-турум ченемдери жана эрежелери тууралуу туруктуу, стереотиптик, адеп-ахлактык аныктамалар;
- аксакалдар сотунун аныктамасы - соттук териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган маселелер боюнча аксакалдар соту чыгарган, бирок ал тарабынан иш маңызы боюнча чечилбеген акт;
- жоопкер - өзүнө каршы арыз же доо берилген жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн аксакалдар сотунун жыйналышына чакырылган адам;
- протокол - аксакалдар сотунун жыйналышында орун алган бардык процесстик аракеттер чагылдырылган документ;
- аксакалдар сотунун чечими - ишти маңызы боюнчакароочу жыйналышта аксакалдар соту чыгарган, бардык тараптар үчүн милдеттүү жана аткарылууга тийиш болгон акт;
- күбө - иш боюнча көрсөтмөлөрдү же маалыматты берүү үчүн аксакалдар сотунун жыйналышына чакырылган адам;
- жарашуу жөнүндө макулдашуу - жарашуу жөнүндө тараптардын өз ара алгылыктуу чечими;
- тараптар - ишти кароо учурунда укуктардын теңдигинин жана атаандаштыктын негизинде аксакалдар сотунунжыйналышына катышкан жактар;
- салт - элдин топтолгон тажрыйбасынын натыйжасында калыптанган коомдук мамилелердин ченемдери, эрежелери жана үлгүлөрү;
- аксакалдар сотунун мүчөсү - ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык аксакалдар сотунун курамына шайланган Кыргыз Республикасынын жараны.
- берене. Аксакалдар соттору
- Аксакалдар соттору - ыктыярдуу негизде, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.
- Аксакалдар сотторуушул Мыйзамда аныкталган тартипте айыл аймагынын жана шаардын аймактарында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.
- Аксакалдар сотторунун өзүнүн аталышы жазылганмөөрү жана штамптары болот.
- берене. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизи
- Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
- Аксакалдар сотторуөзүнүн ишинде ошондойэле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерди жетекчиликке алат.
- Аксакалдар соттору аткаруучу милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Аксакалдар сотторунун типтүү регламентинин негизиндежергиликтүү кеңеш кабыл алуучу аксакалдар сотунун регламентинин негизинде жүргүзүлөт.
- Аксакалдар сотторуиштерди (материалдарды) кароонужүзөгө ашыруусуна ар кандай кийлигишүүлөргө жол берилбейт.
- берене. Аксакалдар сотторунун негизги милдеттери
- Аксакалдар сотторунуннегизги милдеттеритөмөнкүлөр болупсаналат:
- жарандардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу;
- мыйзамдуулукту бекемдөөгө көмөктөшүү, укук тартибин камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле социалдык чыр-чатактарды алардын пайда болушунун баштапкы этабында жоюу;
- жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо.
- Аксакалдар соттору ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама- каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.
- берене. Аксакалдар сотторунун функциялары
Аксакалдар соттору төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- жарандардын арызы боюнча (тараптардын макулдугу менен) мыйзамдарда кылмыш-жаза жосунуна жана укук бузууларга кирбеген мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча иштерди кароо жана чечүү;
- жергиликтүү соттор тарабынан жарандык процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте жиберилүүчү жарандык иштер боюнча иштерди (материалдарды) кароо жана чечүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жергиликтүү коомдоштук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү аймактардын чегинде белгиленген тартиптерди жана эрежелерди жарандар жана юридикалык жактар сактабаган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жиберүүчү материалдарды кароо;
- укук бузууларды жалпы жана жекечеалдын алууну жүргүзүүгө, социалдык чыр-чатактарды алардын келип чыгышынын баштапкыэтабында жоюуга катышуу;
- турак жай менчик ээлеринин шериктигинин жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле кошуналардын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо жана чечүү.
- берене. Аксакалдар сотторуиштерди (материалдарды) кароосунун шарттары
Аксакалдар соттору төмөнкүдөй иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:
- эгерде каралып жаткан иштер алар түзүлгөн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагында (аймагынын бөлүгүндө) орун алса;
- эгерде жоопкер алар түзүлгөн айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында жашаса, анын жашаган жерине карабастан арыз ээсинин өтүнүчү боюнча;
- эгерде арыз ээси же жоопкер алар түзүлгөн айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында жашаса, башка аксакалдар сотторунун өтүнүчү боюнча.
- берене. Аксакалдар сотунунмүчөлөрүнүн укуктары
Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү ишин жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте аксакалдар сотторунун кароосунда турган материалдар жагынан зарыл маалыматты мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактардан суратууга жана алууга;
- аксакалдар сотторунун ишин өркүндөтүү жана аларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда каралып жаткан иш (материалдар) боюнча аксакалдар сотунун айрым мүчөсүн четтетүү жана өзүн четтетүү жөнүндө маселе коюуга;
- аксакалдар сотунунжыйналышынын катышуучуларына каралыпжаткан иш (материал) жагынан суроолорду берүүгө;
- аксакалдар сотунун регламентинде белгиленген тартипте жана шарттарда каралып жаткан иш (материал) боюнча сөз сүйлөөгө жана сунуш киргизүүгө;
- аксакалдар сотунун кабыл алынган чечимине макул болбогон учурда, иштин материалдарына тиркөө үчүн өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берүүгө;
- мамлекеттик, ведомстволук, муниципалдык жана башка сыйлыктарга сунушталууга.
- берене. Аксакалдар сотунунмүчөлөрүнүн милдеттери
Аксакалдар сотунун мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктукактыларын сактоого;
- адеп-ахлак жалпы кабыл алынган ченемдерин, этикалык жүрүм-турум стандарттарын сактоого;
- өзү аксакалдар сотунун мүчөсү болуп шайланган тиешелүү аймактын бир бөлүгүнүн жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлөрүнүн алдында мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолуданкем эмес өзүнүн иши жана аксакалдар сотунун иши тууралуу отчет берүүгө;
- өз алдынча жана уюштурулган курстарга окуудан өтүү аркылуу укуктук сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга, укуктун ченемдерин колдонуу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, аксакалдар сотунун ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын окуп-үйрөнүүгө;
- иштерди (материалдарды) кароодо өзүнө белгилүү болуп калган жеке, үй- бүлөлүк, коммерциялык жана башка сырларга тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
- аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол бербөөгө.
- берене. Аксакалдар сотунунөндүрүшү жүргүзүлгөн тил
- Аксакалдар сотторунун өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
- Аксакалдар соту тараптардан ар кандай жазуу жүзүндөгү материалдарды иш каралып жаткан тилге которууну талап кыла алат.
- Ишке катышып жаткан жана аксакалдар сотунун жыйналышы жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген жактар котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалана алышат.
Котормочунун катышуусун өтүнмө берген тарап камсыз кылат.
- берене. Аксакалдар сотунунөндүрүшүнүн маалымдуулугу
- Аксакалдар сотторундатериштирүү ачык жүргүзүлөт.
- Аксакалдар сотунун жабык жыйналышы ишке катышып жаткан, он сегиз жашка толо элек адамдардын жашоосунун жеке жактары жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, ошондой эле жеке жана башка мүнөздөгү сырды камтыган башка иштер боюнча жүргүзүлөт.
- Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбө катары катышуусуна жол берүүгө тыюу салынат.
- Аксакалдар соту жыйналыштын катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн угууга жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүндө жана жыйналыштын катышуучуларында болгон документтерди жарыялоого милдеттүү.
- берене. Иштерди (материалдарды) кароодогу коллегиялуулук
- Аксакалдар сотторунда иштер (материалдар) коллегиялуу - төрагалык кылуучунун жана соттун мүчөлөрүнүн курамында каралат.
- Аксакалдар соту иштерди анын мүчөлөрүнүн курамынын көпчүлүгү болгондо кароого укуктуу.
- Эгерде каралып жаткан иш боюнча чечим кабыл алууда добуштардын саны тең болуп чыкса, анда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болупсаналат.
2-глава. Аксакалдар сотторунуюмдаштыруу тартиби 13-берене. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн саны
- Аксакалдар соттору 3төн аз эмес жана 9дан көп эмес адамдын курамында бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен шайланат, мында алардын саны так болууга тийиш.
- Аксакалдар сотторунун мүчөсү чыгып кеткен (ыйгарым укуктарын токтоткон) учурда анын ордуна ошол эле жыныстагы адам талапкер боло алат.
- берене. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлуучу талаптар
- Аксакалдар сотторунун курамына 50 жаштан жогорку курактагы, кеминде жалпы орто же кесиптик орто билимге ээ, ушул аймакта жашаган, соттуулугу жок, тиешелүү аймактын калкынынарасында сый-урматка жана кадыр-баркка ээ
болгон, ишкердик жана адамкерчилик сапаттары боюнча ушул Мыйзамда белгиленген аксакалдар сотторунун милдеттерин аткарууга жөндөмдүү болгон, расасына, этностук таандыктыгына карабастан, гендердик баланстысактоо менен Кыргыз Республикасынын жарандары шайлана алышат.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары, ошондой эле көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктигинин (ТМЭ) төрагалары аксакалдар сотунун мүчөлөрү боло албайт.
- Соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адамдар аксакалдар сотунун мүчөлөрү боло албайт.
- берене. Аксакалдар сотторунтүзүүнүн принциптери
- Айылдык аймактарда жана райондук маанидеги шаарларда аксакалдар соттору бир калктуу конуш - бир аксакалдар соту же болбосо бир айылдык аймак жана бир шаар - бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.
- Республикалык жана облустук маанидеги шаарларда аксакалдар соттору төмөнкүдөй принципте түзүлөт:
- эгерде жашоочулардын саны 25 миңденашпаса - бир аксакалдар соту;
- эгерде жашоочулардын саны 25 миңден 50 миңге чейин болсо - эки аксакалдар соту;
- эгерде калктын саны 50 миң адамдан ашса, аксакалдар сотторунун саны ар бир кийинки 25 миң калкка пропорциялуу көбөйтүлүшү мүмкүн;
- кичи райондору жана муниципалдык аймактык башкармалыктары/аймактык башкармалыктары бар шаарларда аксакалдар соттору калктын санына карабастан бир кичи районго - бир аксакалдар соту, бир муниципалдык аймактык башкармалыкка/аймактык башкармалыкка - бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.
- берене. Аксакалдар сотторуншайлоонун тартиби
- Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жашаган жери боюнча жарандардын чогулуштарында(жыйындарында) ачык добуш берүү менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
- Аксакалдар сотунунмүчөлөрүн шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүргүзүлөт, ал ушул Мыйзамдын 13 жана 15-беренелерине ылайык:
- тиешелүү аймактарда түзүлө турган аксакалдар сотунун санын, алардын сандык курамын аныктайт;
- аксакалдар соту шайлана турган аймакты (аймактарды) бөлүктөргө бөлөт, мында аймактын ар бир бөлүгүндө шайлануучу аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн санына квоталарды жана чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу үчүн жооптуу адамдарды аныктайт.
- Аймакты бөлүктөргө бөлүү төмөнкүдөй талаптарды сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш:
- өкүлчүлүктүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашык эмес жол берилген айырмасы менен, аймактын бөлүктөрүнүн жашоочуларынын болжол менен бирдей саны;
- аймактын бөлүктөрүбирдиктүү аймакты түзүүгөтийиш, аймакты бири-бири менен чектешпеген бөлүктөргө бөлүүгө жол берилбейт.
- Эгерде чогулушка аймактын тиешелүү бөлүгүнүн 50дөн кем эмес адам (жашоочулар) катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет.
Катышып олтургандардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкер шайланды деп эсептелет.
- Чогулуштун протоколу чогулуш өткөрүлгөн күндөн тартып эки күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилет.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы протоколдорду текшерүүдөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде өз чечими менен аксакалдар сотунун курамын жарыялайт.
Аксакалдар сотунун курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин буйругу менен жарыяланат.
- Аксакалдар сотунун мүчөлөрү өз курамынан төраганы жана катчыны шайлайт.
Төраганы шайлоодо жогорку же атайын орто юридикалык билиминин болушу артыкчылык болуп эсептелет.
- берене. Аксакалдар сотункаттоо
- Аксакалдар соту шайланганы жөнүндөтиешелүү документтер берилгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында эсепке алуучу каттоодон өтөт.
- Аксакалдар сотун эсепке алуучу каттоо үчүн аксакалдар сотунун шайланган мүчөлөрү колтамга койгон аксакалдар сотунун арызы берилет, ага төмөнкүлөр тиркелет:
- аксакалдар сотунунмүчөлөрүнүн шайланганын тастыктаган жашаган жери боюнча жарандардын чогулушунун протоколу;
- аксакалдар сотунунмүчөлөрүнүн паспортторунун же ким экенин ырастаган башка документтеринин көчүрмөлөрү;
- аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн иш жүзүндө жашаган жери тууралуу маалыматтар;
- аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтердин көчүрмөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
- Каттоону жүргүзгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткарууорганы аксакалдар сотунунмүчөлөрүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет.
- берене. Аксакалдар сотунунмүчөсүн анын курамынан чыгаруу
- Аксакалдар сотунун мүчөсү анын курамынан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылат:
- аксакалдарсотунун мүчөлүгүнөнбаш тартуу;
- аксакалдарсотунун мүчөсүнүнөлүмү;
- жашаганжеринин өзгөрүшү(ошол калктууконуштан көчүпкетүүсү);
- соттунөкүмүнүн мыйзамдуукүчүнө кириши;
- аксакалдарсотунун мүчөсүнмөөнөтүнөн мурдачакыртып алуу.
- Аксакалдар сотунун мүчөсү төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алынат:
- эгердеага жүктөлгөнмилдеттерди аткараалбаса;
- аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген татыксыз жүрүм-турумуна жана жоруктарына байланыштуу.
- Мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө чечим жашоочулардын демилгеси боюнча же аксакалдар сотунунсунушу боюнча аны аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө шайлаган тиешелүү аймактын бөлүгүнүн жашоочулары тарабынан кабыл алынат.
Аксакалдар сотунун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө жашоочулардын чогулушу 50дөн кем эмес адам (жашоочу) катышканда чечим кабыл алууга укуктуу деп эсептелет. Чечим катышып олтургандардын көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу жөнүндө жашоочулардын чогулушунун чечими аксакалдар сотунун жыйналышында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган аксакалдар сотунун макулдугу менен гана күчүнө кирет.
- Чыгарылган же мөөнөтүнөн мурда чакыртып алынган аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ордуна жаңысын шайлоо ушул Мыйзамдын 16-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.
- Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда жана 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча аксакалдар сотунун курамынан чыгарылган адам аксакалдар сотунун мүчөсү болуп кайра шайлана албайт.
3-глава. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби
- берене. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароодогу ыйгарым укуктары
- Аксакалдар соттору жарандардын жана юридикалык жактардын жарандарга карата арыздары боюнча төмөнкүдөй иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:
- жарандардын үй-бүлөлүк укуктук мамилелеринен келип чыккан, кылмыш жана укук бузуу болуп эсептелбеген талаш-тартыштар боюнча;
- мүлктүкталаш-тартыштар боюнча;
- жубайлардын жалпы биргелешкенмүлкүн бөлүштүрүүбоюнча;
- көп батирлүү турак үйдүн жалпы мүлкүн пайдалануу тартибин бузуу маселелери боюнча;
- жаныбарларды күтүү, анын ичинде көп батирлүү үйдө күтүү эрежелерин бузуу боюнча;
- жердипайдалануучулардын ортосунда жеручастокторун сугаруу боюнча;
- жарандык процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү соттор жиберген иштер (материалдар) боюнча;
- жергиликтүү коомдоштук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында белгиленген тартиптерди жана эрежелерди бузгандыгынын фактылары боюнчажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жиберген материалдар боюнча.
- Аксакалдар соттору сот, компетенттүү мамлекеттик органдар чечим чыгарган, өз компетенциясынын чектеринде аксакалдар сотунун чечими чыгарылган материалдарды кароого укуксуз.
- берене. Аксакалдар сотторунда иштерди (материалдарды) кароо мөөнөттөрү
- Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүк мөөнөттө карайт.
- Кошумча материалдарды суратып алуу жана аларды иликтөө зарыл болгон учурда ишти (материалдарды) кароо мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат, бул жөнүндө аксакалдар соту арыз менен кайрылган же материалдарды жиберген жакка жазуу жүзүндө билдирет.
- берене. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароо убактысы жана орду
- Аксакалдар соттору жыйналыштарды алар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген жайда өткөрөт.
Иштерди (материалдарды) кароонун убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат. Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт.
- Аксакалдар соттору зарыл болгон учурда иштерди (материалдарды) кароону уюштуруу маселелери боюнча төмөнкүлөргө кайрыла алат:
- аксакалдар сотунун жыйналышын уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
- аксакалдар сотунун жыйналышына жоопкердин келишин камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун жыйналышын өткөрүү убагында коомдук тартипти камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө.
- берене. Аксакалдар сотторунун ишти (материалдарды) кароосуүчүн негиздер
- Аксакалдар соттору иштерди (материалдарды) кароосу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- жарандардынарыздары;
- жарандаргакарата юридикалыкжактардын арыздары;
- башкааксакалдар сотторуберген материалдар;
- жергиликтүү сотторберген материалдар;
- жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары берген материалдар.
- Материалдар түп нускада, ошондойэле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө электрондук формада жөнөтүлүшү мүмкүн.
- берене. Аксакалдар сотунуништерди (материалдарды) кароого даярдоо боюнча иш-аракеттери
- Келип түшкөн арыздарды, иштерди (материалдарды) аксакалдар сотунун өндүрүшүнө алуу жөнүндө же аны кайтарып берүү жөнүндө маселе жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуукаттоодон өткөн күндөнтартып 5 жумушкүндүн ичинде аксакалдар сотунун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча аксакалдар сотунун мүчөсү, же аксакалдар соту тарабынан коллегиялуу чечилет.
- Ишти (материалды) иликтөөнүн натыйжасы боюнча корутунду түзүлөт, анда иштин иш жүзүндөгү жагдайлары, аксакалдар сотунун кароосуна тартылып жаткан адамдын ким экени жөнүндө маалыматтар жана аксакалдар сотунун өндүрүшүнө кабыл алуу же аны кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен кайтарып берүү жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.
- Зарыл болгон учурда иштин маңызы боюнча кошумча материалдар суратылат жана чогултулат.
- берене. Талаш-тартыштын катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштыруу
- Аксакалдар соту аксакалдар сотунун жыйналышында арыздар жана материалдар каралганга чейин өзүнө арыз (материалдар) келип түшкөн жана ишке катышкан адамдарды колдо болгон материалдар менен күн мурунтан тааныштырууга милдеттүү.
- Материалдар менен таанышкан адамдар кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө, күбөлөрдү чакыруу жөнүндө аксакалдар сотуна өтүнмө берүүгө укуктуу.
- берене. Аксакалдар сотунунжыйналышынын ачылышы
Иштерди (материалдарды) кароо үчүн белгиленген убакытта аксакалдар сотунун төрагасы жыйналышты ачат жана каралууга тийиш болгон иштер (материалдар) жөнүндө жарыялайт.
- берене. Процесске катышуучуадамдардын келүүсүн текшерүүжана алардын укуктарын түшүндүрүү
- Жыйналыш ачылгандан кийин төрагалык кылуучу аксакалдар сотуна чакырылган адамдардын келишкенин тастыктайт, процесстин тараптарына жана башка катышуучуларына алардын укуктарын түшүндүрөт, андан кийин аларда аксакалдар сотунун курамы боюнча четтетүү жана өтүнмөлөр бар-жогун, ал эми мүлктүк, үй-бүлөлүк, жарандык,турак жай, жер мамилелери боюнча талаш-
тартыштар жагынан - алардын иштерин аксакалдар соту кароосуна тараптардын макулдугун аныктайт.
- Аксакалдар сотунун жыйналышына катышып жаткан адамдар аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү, кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.
- берене. Аксакалдар сотунунмүчөсүн четтетүү
- Эгерде аксакалдар сотунун мүчөсү талашып-тартышып жаткан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле аксакалдар сотунун мүчөсү иштин жыйынтыгына тикелей же кыйыр түрдө кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болгон учурда, ал ишти (материалды) кароого катышпайт.
- Аксакалдар сотунунмүчөсүн четтетүүтөмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- ишкекатышып жатканжактардын арызыбоюнча;
- аксакалдарсотунун башкамүчөлөрүнүн арыздарыбоюнча;
- аксакалдарсотунун мүчөсүнүнарызы боюнча(өзүн-өзү четтетүү).
Аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү (өзүн-өзү четтетүү) ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин жүйөлөштүрүлүүгө жана билдирилүүгө тийиш.
- Аксакалдар соту аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү же анын өзүн-өзү четтетүүсүжөнүндө арызды карапчыгат жана анын мүчөлөрүнүн көпчүлүкдобушу менен чечим чыгарат.
- берене. Ишти (материалды) маңызы боюнча кароо
- Четтетүүлөр жана өтүнмөлөр жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу маңызы боюнча иштин жагдайларын баяндайт.
- Төрагалык кылуучу тараптарга ишти маңызы боюнча кароонун ар кандай этабында тараптар үчүн өз ара алгылыктуу макулдашууну кабыл алуу аркылуу жарашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет.
- Андан кийин сот арыз ээсинин жана анын тарабында иштин жыйынтыгына кызыкдар болгон жактардын, жоопкердин жана анын тарабында катышкан иштин жыйынтыгына кызыкдар жактардын, ошондой эле ишке катышып жаткан башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат, андан соң иш боюнча берилген материалдарды изилдейт.
- Кандайдыр бир кошумча маалыматты же маалыматтарды алуу зарыл болгон учурда аксакалдар соту каралып жаткан иштин (материалдын) маңызы боюнча чечим чыгарбастан, жыйналышты кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө жылдырууга укуктуу.
- Процесстин катышуучулары тарабынан толуктоолор жок болгон учурда, төрагалык кылуучу ишти кароонун аяктаганын жарыялайт жана аксакалдар сотунун курамы ордунда кеңешип же өзүнчө бөлмөгө чыгып чечим кабыл алат.
- Аксакалдар сотунунчечими аксакалдар сотунунбардык мүчөлөрүнүн жана тараптардын катышуусунда жарыяланат.
- Аксакалдар сотторундаиштерди териштирүүакысыз жүргүзүлөт.
- берене. Аксакалдар сотунунжыйналышынын протоколу
- Ишти (материалдарды) кароодо аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн бири протокол жүргүзөт.
- Аксакалдар сотунун протоколу аксакалдар сотунун курамы, иштин мүнөзү, аны кароонун убактысы жана орду жөнүндө маалыматтарды, ишти кароодо аксакалдар сотунун жыйналышына катышкан адамдар жөнүндө маалыматтарды, алардын арыздарын жана кыскача сөздөрүн (түшүндүрмөлөрүн, өтүнмөлөрүн), кабыл алынган чечимди камтууга тийиш.
- Протоколго төрагалыккылуучу жанакатчы колтамгакоёт.
- глава. Аксакалдар сотунунчечими 30-берене. Чечим чыгаруу
- Ишти маңызы боюнча чечкен аксакалдар сотунун актысы чечим формасында чыгарылат. Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышкан соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
- Добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. Добуштардын саны бирдей болгондо аксакалдар сотунун төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
- Аксакалдар сотунунчечимине ишти кароогокатышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коёт.
Чечимге макул болбогон аксакалдар сотунун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндайт. Аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өзгөчө пикири ишти маңызы боюнча чечүүгө таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелүүгө тийиш.
- берене. Чечимдин негиздүүлүгү
Аксакалдар соту чечимди аксакалдар сотунун жыйналышында изилденген далилдерге гана негиздейт.
- берене. Аксакалдар сотунунчечиминин формасы жана мазмуну
- Аксакалдар сотунун чечими жазуу жүзүндө баяндалат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- чечимдин чыгарылган убактысы жана орду, чечимди чыгарган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, ишке катышкан адамдар;
- талаш-тартыштынпредмети же каралып жаткан маселенин мазмуну;
- аксакалдар соту белгилеген иштин жагдайлары, иштин жагдайлары жөнүндө аксакалдар сотунун тыянактарына негизделген далилдер, аксакалдар соту тигил же бул далилдерди четке каккан жүйөлөр;
- чечим чыгарууда аксакалдар соту жетекчиликке алган мыйзамдын ченемдери, үрп-адаттар жана салттар;
- каралыпжаткан ишбоюнча аксакалдарсоту кабылалган чечим;
- кабылалынган чечимгедаттануунун мөөнөтүжана тартиби;
- чечимдинкүчүнө кирүүсүнүнмөөнөтү жанааны аткаруумөөнөтү.
- Жүйөлөнгөн чечимди жазуу жүзүндө түзүү 5 күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок аксакалдар сотунун чечиминин резолюциялык бөлүгү жазуу жүзүндө түзүлүүгө жана ишти териштирүү аяктаган ошол эле жыйналышта жарыяланууга тийиш. Ошол эле учурда аксакалдар соту ишке катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү акыркы (жазуу жүзүндө) жүйөлөнгөн чечим менен качан тааныша ала турганын жарыялоого милдеттүү.
Чечимдин жарыяланган резолюциялык бөлүгүнө ошол ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коюуга жана ишке тиркелүүгө тийиш.
- Чечимге аксакалдар сотунун жыйналышында жарыяланганга чейин төрагалык кылуучу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү колтамга коёт.
- берене. Кылмыш фактыларытабылган учурларда ыйгарымукуктуу органдарга маалымат берүү
- глава. Аксакалдар соттору тарабынанколдонулуучу таасир этүү чаралары
Аксакалдар соттору ишти (материалды) кароонун жүрүшүндө табылган кылмыш фактылары боюнча материалдарды укук коргоо органдарына берет (маалымдайт), ал аксакалдар сотунун жыйналышынын протоколунда чагылдырылат.
- берене. Таасир этүү чаралары
- Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй таасир этүү чараларынын бирин колдонуу жөнүндө чечим чыгарышы мүмкүн:
- коомдук эскертүү берүү;
- эл алдындакечирим суроого милдеттендирүү;
- коомдуксөгүш жарыялоо;
- келтирилгензыяндын ордунтолтурууга милдеттендирүү;
- эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, жоопкерден өндүрүп алынуугатийиш болгон мүлктүннаркын көрсөтүү мененмүлктү натуралай берүү.
- Аксакалдар соту инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргенже кемсинткен жазаларжөнүндө чечим чыгаруугаукуксуз.
- Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук таасир этүү чараларынын тизмеги толук болуп саналат жана кеңири чечмеленүүгө тийиш эмес.
Ушул Мыйзамда каралбаган таасир этүү чаралары колдонулган учурда мындай жаза мыйзамсыз болуп саналат жана аткарылууга тийиш эмес.
- Өзүнө карата аксакалдар сотунун чечими чыгарылган адам колтамга коюу менен аксакалдар сотунун чечими менен тааныштырылууга тийиш.
- Аксакалдар сотунун чечими, эгерде ага даттанылбаса, чыгарылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
- Кабыл алынган чечимдер жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттө арыз ээсине, материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.
- глава. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун жана аларды аткаруунун тартиби
- берене. Аксакалдар сотунун чечимдерине даттануу тартиби
- Аксакалдар сотунун чечимине өзүнө карата чечим чыгарылган адам же ишке катышкан башка кызыкдар жактар чечим чыгарылган күндөн тартып 10 күндүн ичинде даттана алат.
- Аксакалдар сотунун чечимине даттанууну тараптар аксакалдар соту түзүлгөн аймактагы райондук же шаардык сотко Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте берет.
- Даттануу Кыргыз Республикасынын жарандык-процесстик мыйзамдарында аныкталган тартипте жана мөөнөттө каралат.
- берене. Аксакалдар сотторунун чечимдерин аткаруу тартиби
- Каралган иш боюнча жоопкерди белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттендирген аксакалдар сотунун чечими ушул Мыйзамдын алкагында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
- Аксакалдар соту аксакалдар сотунун чечимине ылайык тигил же бул иш- аракеттерди жасоого милдеттүү болгон адам менен алдын алуучу маектешүүнү жана аксакалдар сотунун чечимин аткаруунун зарылдыгы жөнүндө эске салуу аркылуу өз чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
- Адам аксакалдар сотунун чечиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө аксакалдар сотунун чечимин аткарбаган учурда, аксакалдар соту чечим анын пайдасына кабыл алынган адамга аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө сотко кайрылууну сунуштайт.
- берене. Аксакалдар сотунунчечимин мажбурлап аткартуу
- Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө маселе чечим пайдасына чыгарылган тараптын арызы боюнча райондук же шаардык сот тарабынан каралат.
- Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз чечимди аткаруу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү колтамга коёт.
- Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- арызберилип жаткансоттун аталышы;
- чечимди кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, анын турган жери;
- аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталыштары, алардын турган жери;
- аксакалдар соту чечим кабыл алган дата жана жер;
- аксакалдар сотунунчечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө өндүрүп алуучунун талабы.
- Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлапаткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- аксакалдар сотунунчечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- аксакалдарсотунун чечиминаткарбай коюунуырастаган документтер;
- аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн ырастаган тапшыруу жөнүндө билдирүү же башка документ;
- арызга колтамгакоюуга өкүлдүн ыйгарымукуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ.
- глава. Аксакалдар сотторунун ишин материалдык- техникалык, уюштуруучулук жана методикалык жактан камсыз кылуу
- берене. Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
- Аксакалдар сотторунуниши жергиликтүүбюджеттен каржыланат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн аларга зарыл болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган өзүнчө жайды (бөлмөлөрдү) бөлүп берет.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ар кандай юридикалык жана жеке жактардын демөөрчүлүк жардамынан түшкөн каражаттардын, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы башка акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ар кандай жеңилдиктерди жана материалдык сыйлыктарды берүүнү карайт.
- Жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары:
- аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн мамлекеттик, ведомстволук жана муниципалдык сыйлыктарга көрсөтөт;
- аксакалдарсотунун материалдарынсактоого көмөккөрсөтөт.
- берене. Аксакалдар сотторунаметодикалык колдоо көрсөтүү
- Аксакалдар сотторуна методикалык жана консультациялык колдоону өз ыйгарым укуктарынын чегинде райондук (шаардык) соттор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтөт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган кызыкдар мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар
менен кызматташтыкта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган донорлордун каражаттарын тартуу менен аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат.
- Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн окутуу ошондой эле жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Аксакалдар сотторунун кеңештери уюштурат.
- берене. Аксакалдар сотторунун отчеттуулугу
- Аксакалдар соттору каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.
- Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө тиешелүү аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет берет.
- Аксакалдар соттору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Аксакалдар сотторунун кеңешине (эгерде болсо) өзүнүн иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес маалымат берет.
- Аксакалдар соттору өз иши жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сайтына мезгил-мезгили менен жарыялап турат.
- берене. Аксакалдар сотторукараган иштердин материалдарын сактоо
- Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын) иш кагаздарын жана статистикасын жүргүзөт.
- Аксакалдар сотторунун өндүрүшүнүн материалдары аксакалдар сотунун ыйгарым укуктары аяктаганга чейин сакталат.
Аксакалдар сотторунун иш кагаздарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик аксакалдар сотторунун төрагаларына жүктөлөт.
- Укук коргоо органдарынын жана (алардын) кызмат адамдарынын талабы боюнча иш аларга колтамга койдуруу менен берилет. Каралган иштер боюнча маалыматтар жана маалымат жашыруун болуп саналат.
- Аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктары аяктагандан кийин материалдар (иштер) сактоо үчүн архивдик иш маселелери боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдарына өткөрүлүп берилет.
- Аксакалдар соттору жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, Аксакалдар сотторунун кеңештерине статистикалык маалыматты берет.
- берене. Аксакалдар сотторунун кеңештери
- Аксакалдар сотторунун ишин координациялоо, алардынкызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин чектеринде тиешелүү Аксакалдар сотторунун кеңештери түзүлүшү мүмкүн.
- Аксакалдар сотторунун кеңештери жөнүндө жобо жана аларды түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
- глава. Корутунду жоболор
- берене. Ушул Мыйзамдын күчүнөкириши
- Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин түзүлгөн аксакалдар соттору ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин иштеп жаткандардын статусун сактап калат.
- Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5- июлундагы № 113 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 378-ст.);
- "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003- жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 499-ст.);
- "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүүтууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-июнундагы № 181 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 555-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы
№ 169 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013- ж., № 7, 955-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы
№ 144 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 720-ст.);
- "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 19- апрелиндеги № 46 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 297-ст.);
- "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 291-ст.).
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Жапаров
2023-жылдын 27- декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл
алган
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 19-февралы № 52
Аксакалдар соттору жөнүндө