Кочкор-Ата шаарынын мэриясы

Кочкор-Ата шаарында Кыргызстанда алгачкы жолу жер астындагы таштанды таштоочу урна орнотулду

11.02.2026  14:00

73

Кочкор-Ата шаарында Кыргызстанда алгачкы жолу жер астындагы таштанды таштоочу урна орнотулду

Кочкор-Ата шаарында санитардык абалды жакшыртуу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү максатында Кыргызстанда алгачкы жолу Кочкор-Ата шаарынын Тургенева көчөсүнө заманбап жер астындагы таштанды чогултуучу контейнер орнотулду. Бул долбоор Кочкор-Ата шаарынын мэри Нарматов Азамат Эгембердиевичтин демилгеси менен ишке ашырылды. Жер астына орнотулган таштанды таштоочу урна тиричилик таштандыларын иреттүү чогултууга шарт түзүп, жагымсыз жыттардын таралышын азайтып, таштандылардын чачылып кетпөөсүн камсыздайт, шаар көрүнүшүн көрктөндүрөт.

2026-жыл ичинде шаар аймагына кошумча 60 даана подземный контейнер орнотулат.