Кочкор-Ата шаарынын мэриясы

Кочкор-Ата шаарында Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү белгиленди

06.10.2025  09:43

136

Кочкор-Ата шаарында Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү белгиленди

Ноокен районунда, Кочкор-Ата шаарында Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү белгиленди

2025-жылдын 3-октябрында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында «Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү» белгиленди. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын буйруктарына ылайык уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — жаратылыш жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана жарандык коргонуу системасынын иш-аракеттерин чыңдоо болуп саналат.

Иш-чара жөө жүрүш менен башталып, атайын техникалар жана жабдуулар көрсөтүлдү. Б. Семетей атындагы №15 орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлүп, мектеп окуучуларынын катышуусунда сүрөт тартуу сынагы уюштурулду. Жеңүүчүлөргө Ноокен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан баалуу белектер жана Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле калк арасында түшүндүрүү жана агартуу иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чара жарандардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын арттырып, коопсуздук маданиятын жайылтууга өбөлгө түздү.