Коррупцияга каршы иш аракет
12.09.2025 13:45
88
Кочкор-Ата шаарында коррупцияга каршы аракеттер планы (2025–2027-жылдар)
Кочкор-Ата шаарында 2025–2030-жылдарга багытталган коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды. Бул план шаардын социалдык жана экономикалык чөйрөсүндө, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында иштелип чыкты.
Пландын негизги багыттары:
1. Социалдык жана экономикалык чөйрөдө коррупцияны алдын алуу
• Жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү автоматташтырылып, процесстердин ачыктыгы жана айкындуулугу камсыз кылынат.
• “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу документтердин тизмеси кыскартылып, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жеңилдейт.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү
• Лицензияларды жана уруксаттарды берүү, ошондой эле административдик жол-жоболор “Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы” аркылуу жүргүзүлөт.
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жер жана айыл чарба багытындагы маалыматтар санариптик реестрге киргизилет.
3. Мамлекеттик каражаттарды башкаруу жана финансылык көзөмөл
• Бюджеттик процесстер ачык-айкын жүргүзүлүп, каражаттардын эффективдүү колдонулушу камсыздалат.
• Жарандарды бюджеттик план түзүү жана аткарылышы боюнча маалымат менен камсыздоо максатында коомдук талкуулар жана санариптик платформалар колдонулат.
4. Коопсуздук жана мониторинг системалары
• “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу коомдук жайларда укук бузуулар жана кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн мониторинг системасы өнүктүрүлөт.
Иш-чаралардын аткарылышы
Бул багыттагы бардык иш-чаралар 2025–2027-жылдар аралыгында Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, КААБ жана социалдык бөлүмдөр тарабынан аткарылат. Шаар тургундарына түшүндүрүү жана маалымдоо иштерин жүргүзүү максатында жогорудагы маалыматтар расмий сайттар жана социалдык тармактарда жеткирилет.
Максат: Коррупцияны минималдаштыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындыгын жогорулатуу, жарандардын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.