Кочкор-Ата шаарынын мэриясы

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ КҮНҮ

22.01.2026  13:00

15

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ КҮНҮ

9-ДЕКАБРЬ — КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ КҮНҮ

 Кочкор-Ата шаарындагы колледжинде 9-декабрь-Коррупцияга каршы күрөш күнүнө карата укук коргоо органдары тарабынан уюштурулган маанилүү жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага прокуратуранын өкүлдөрү, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кызматкерлери, колледждин студенттери жана мектеп окуучулары катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаштарга коррупциянын коомго жана өлкөнүн өнүгүүсүнө тийгизген залакасы, мыйзам бузуу кандай жоопкерчиликке алып келери, ошондой эле ар бир жаран таза жана адилет коомду түзүүгө кандай салым кошо алары тууралуу кеңири маалымат беришти.