Райондук маанидеги Кочкор-Ата шаарынын мэриясы административдик муниципалдык кызматынын башкы, улук административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт
29.01.2026 15:30
19
Административдик муниципалдык жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар
Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Автоматташтыруу жана башкаруу” - системалык талдоо жана башкаруу, техникалык системаны башкаруу, сапатты башкаруу багыттары боюнча).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси
12. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө
13. Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”).
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
7. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”
8. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”
9. Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар).
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;
- кадрларды каттоо баракчасы;
- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);
- жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү;
- өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
Документтерди кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып, 10(он) жумушчу күндүн ичинде kyzmat.gov.kg сайтында электрондук түрдө кабыл алуу жүргүзүлөт.
Байланыш телефондор: (03734) 5-33-63, 0771414446;
Электрондук дареги: kochkor-ata.msu@mail.ru. Толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында жайгаштырылган.
Эскертүү:
-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.